Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Биринчи Май райондук сотунун алдына Исаевдин тарапкерлери чогулууда


Исаевдин тарапкерлери чогулууда
Исаевдин тарапкерлери чогулууда

"Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдында жүз элүү чамалуу киши чогулуп турушат. Ошол эле учурда райондук соттун айланасына темир тосмолор коюлуп, милиция кызматкерлеринин да саны көбөйүүдө.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралат. Аны 30-сентябрда УКМК кармап, 48 саатка камаган.

Ал кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар менен массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп шектелүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG