Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:14

Москвада активист Навальныйдын соту болот


Алексей Навальный 29-сентябрда кармалып, кайра бошотулгандан кийин журналисттер менен тарапкерлерине сүйлөп жатат.
Алексей Навальный 29-сентябрда кармалып, кайра бошотулгандан кийин журналисттер менен тарапкерлерине сүйлөп жатат.

Бүгүн (2-октябрда) Москванын Симоновский райондук сотунда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын соту болот. Соттук териштирүү жергиликтүү убакыт боюнча саат үчкө белгиленгенин Навальныйдын адвокаты Ольга Михайлова билдирди.

29-сентябрда Алексей Навальныйды Нижний Новгород шаарындагы жүрүшкө жөнөп кетер алдында Москвадагы үйүнүн жанында полиция кармап кетип, он сааттан кийин кайра бошоткон. Ага уруксатсыз демонстрацияларды уюштурду деген айып коюлууда.

Нижний Новгород шаарында болсо Навальныйдын шайлоо штабынын координатору Леонид Волков баштаган ондон ашык активист кармалган. Волковдун иши да Симоновский райондук сотунда каралмакчы.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Навальныйдын беш жылга шарттуу кесилгенин жүйө кылып, ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катыша албастыгын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG