Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:24

Жасалма валюта алып кирген топ кармалды


Жасалма валюта

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен 2-октябрда маалымдашкандай, 15-сентябрда жасалма валюта алып кирип, сатып жүргөн кылмыш тобу аныкталды.

49 жаштагы жаран 19 800 доллар менен кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жанынан табылган акча жасалма экени аныкталган. Бул иш боюнча дагы төрт киши кармалган.

Жасалма акча Кыргызстанга сырттан алынып кирген.

Кармалгандардын баары милициянын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG