Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:31

Лас-Вегастагы атышууда 20дан ашык киши мерт болду


Лас-Вегастын атышуу болгон аймагы
Лас-Вегастын атышуу болгон аймагы

АКШнын Лас-Вегас шаарындагы атышуудан 20дан ашык киши мерт болуп, 100дөй адам жаракат алды. Жергиликтүү полиция өкүлдөрү билдиргендей, окуя 1-октябрдын кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасында кантри музыкасынын фестивалы өтүп жатканда болгон.

Мейманкананын 32-кабатынан автоматчан адам чогулгандарды көздөй ок чыгара баштаган. Көп өтпөй полиция ок аткан кишини атып өлтүргөн.

Лас-Вегастын полициясы шектүүнү "жергиликтүү тургун" деп мүнөздөп, атышууда эс алуу күнү фестивалга келген бир нече офицер да каза тапканын кабарлады.

Бийлик өкүлдөрү шектүү кайсы бир топтун мүчөсү болбогонун, чабуул маалында анын жанында жүрдү делген бир аял изделип жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG