Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:20

Сирия: сентябрь айында мерт болгондордун саны өстү


Сириянын Ракка шаары
Сириянын Ракка шаары

Алты жылдан ашык убакыттан бери тынчыбаган Сирияда соңку отуз күндө 3055 адам өлдү. Натыйжада сентябрь айы Сирия үчүн жыл башынан берки эң кандуу ай болуп калганын Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 1-октябрда кабарлады. Уюмдун маалыматы боюнча, бир айда каза тапкандардын 207си балдар.

Сентябрда Сирия өкмөтү жана аларды колдогон Орусиянын чабуулдарынан 395 карапайым адам мерт болсо, АКШ баштаган эл аралык коалициянын соккулары 282 тургундун өмүрүн алган. Өткөн айда кайра жанданган чабуулдар ооруканаларды жана гуманитардык кампаларды кыйраткан.

Обсерватория жетекчиси Рами Абдел Рахмандын айтымында, адам өлүмүнүн көбөйүшүнө эки тараптын тең жоочуларга каршы операциясы күчөгөнү себеп болгон.

XS
SM
MD
LG