Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Лас-Вегас: атышуудан каза тапкандардын саны 50гө жетти


Окуя Лас-Вегастагы мейманкананын жанында болгон.
Окуя Лас-Вегастагы мейманкананын жанында болгон.

АКШнын Лас-Вегас шаарында 1-октябрдын кечинде болгон атышуудан каза тапкандардын саны 50гө жетти. Полиция кеминде 200 адам жаракат алганын билдирип, ок аткан адамды 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.

Окуя Mandalay Bay мейманканасынын айланасында кантри музыкасынын фестивалы өтүп жатканда болгон. Мейманкананын 32-кабатынан автоматчан адам чогулгандарды көздөй ок чыгара баштаган. Көп өтпөй полиция ок аткан кишини атып өлтүргөн.

Лас-Вегастын полициясы шектүүнү "жергиликтүү тургун" деп мүнөздөп, анын максаты эмне болгонун так айта элек. Учурда чабуул боюнча негизги шектүүдөн башка бир аял изделип жатканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG