Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:04

Исаков: Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу расмий сунуш түшкөн эмес


Сапар Исаков вице-премьерлер менен жыйын өткөрүүдө
Сапар Исаков вице-премьерлер менен жыйын өткөрүүдө

Бул тууралуу кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков Орусияга расмий сапарынан кийин "РИА Новости" маалымат агенттигине курган маегинде билдирген. Исаковдун сөзү боюнча, Кыргызстанга азырынча Сирияга аскер жиберүү боюнча расмий сунуш түшө элек. "Эгер бизге расмий сунуш берилсе, ал Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында каралып, кандайдыр бир чечим кабыл алынууга тийиш. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине да дал келүүсү керек" деп белгилеген Сапар Исаков Кыргызстан аскерлерди эмес, келишимдик негизде аскер мөөнөтүн өтөп жүргөндөрдү жиберүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирди.

Журналисттин "Бул маселе Кыргызстанда кандайдыр бир деңгээлде көтөрүлдү беле?" деген суроосуна премьер-министр "жок, бул маселе көтөрүлбөйт да, талкууланбайт да" деп жооп берип, Сирияга күч жиберүү боюнча чечимди өкмөт эмес, парламент кабыл аларын кошумчалаган.

22-июнда интернет айдыңында Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Көп өтпөй Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Темир Жумакадыров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу кеңешинин отурумунда бул маселе коюлганын бышыктап, “кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингентин Сириянын деэскалация зонасына жиберүү боюнча суроо көтөрүлгөнүн”, бирок расмий түрдө кайрылуу түшпөгөнүн билдирген.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 14-сентябрда Астанада журналисттер менен жолугушууда тынчтык орнотуучу күчтөрдү Сирияга жөнөтүү маселеси БУУнун чечиминин негизинде ишке ашуусу мүмкүн экенин маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG