Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Исаевдин баш коргоо чарасы Аскер сотунун имаратында каралууда


Саясатчынын баш коргоо чарасы каралып жаткан Бишкектеги аскер гарнизондук сотунун алдында тургандар.
Саясатчынын баш коргоо чарасы каралып жаткан Бишкектеги аскер гарнизондук сотунун алдында тургандар.

Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасын Бишкектеги Аскер гарнизондук сотунун имаратында Биринчи Май райондук сотунун көчмө соту жабык карап жатат. Анын тарапташтары жана журналисттер сотко киргизилген жок.

Саясатчынын баш коргоо чарасы каралып жаткан Аскер гарнизондук сотунун имаратынын алдында Исаевдин жүздөн ашуун тарапкерлери анын бошотулушун талап кылган чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушат. Андан тышкары элүүдөн ашуун милиция кызматкерлери бар.

"Кыргызстан" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 30-сентябрда УКМК тарабынан кармалып, камакка алынган. Ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG