Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт башкармалыгынын башчысы Талантбек Исаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. ИИМдин маалымат кызматы Исаевдин арыз жазуу себептери тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Талантбек Исаевдин өзү да бул кадамынын чоо-жайын маалымдай элек.

Талантбек Исаев "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген шек менен 30-октябрда УКМКнын тргөө абагына камалган Канатбек Исаевдин бир тууган агасы.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын аныктап, депутатты тергөө аяктаганча камакта кармоо чечимин чыгарды. (NT)

XS
SM
MD
LG