Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Дамасктагы жардырууда 11 адамдын өмүрү кыйылды


Дамаск шаары
Дамаск шаары

Сириянын баш калаасы Дамасктын борбордук бөлүгүндө бомба жарылып, андан кеминде 11 киши мерт болду. Бул тууралуу Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы 2-октябрда кабарлады. Алардын маалыматы боюнча, шаардын Ал-Мидан конушунда эки жанкечти өздөрүн жардырып, андан көп өтпөй жергиликтүү полиция бекетинин жанында бир унаа жарылган.

Сириянын Ички иштер министрлиги да жанкечти чабуулунан жайкын тургундар жана полиция кызматкерлери каза тапканын ырастады.

Орусиянын РИА жаңылыктар агенттиги чабуулду төрт жанкечти уюштурганын жазды.

Сирияда алды жылдан ашык убакытка созулган жарандык согуш баш-аягы 330 миң адамдын өмүрүн алды. Беш миллиондон ашык киши качкынга айланды.

XS
SM
MD
LG