АКШнын Лас-Вегас шаарында жекшембиде болгон атышуудан каза тапкандардын саны кеминде 58 адамга жетти. Бул маалыматты жергиликтүү полиция тастыктап, 515 адам жаракат алганын билдирди.
1-октябрдын кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча бул окуяны кайсы бир террордук топко байланыштыра элек.
Президент Дональд Трамп бул чабуулду "анык шайтандын кылганы" деп атап, 3-октябрда Лас-Вегаска барарын айтты.