Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волковдун ар бири 20 суткадан камакка алынды. Административдик иш боюнча Навальныйга карата чечимди Москванын Симонов соту, Волковго Савелов соту чыгарды.
Оппозициячылар «уруксат берилбеген жыйындарга катышууга бир канча жолу чакырык жасаган» деген негизде күнөөлүү деп табылды. Алар 29-сентябрда Нижний Новгороддогу митингдин алдында кармалган. Бирок ошол эле күнү 2-октябрда сотко келүү тууралуу эскертүү менен күнү кое берилген.
Навальный өзүнө чыгарылган өкүмдү "Президент Владимир Путиндин туулган күнүнө белек" деп атап, тарапташтарын 7-октябрда Санкт-Петербургда митингге чыгууга чакырды. Волков нааразылык иретинде ачкачылык жарыялады.