Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Чаткалда карда калган чабандарды куткаруу аракети көрүлүүдө


Чаткал
Чаткал

Чаткалда калып кеткен чабандарды алып келүү иштери улантылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназар айылынын сегиз чабаны 30-сентябрда кар көп жааганына байланыштуу үч короо кой жана үч үйүр жылкысы менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ат-Мойнок ашуусунан өтө албай калышкан.

Чабандарды көчүрүп келүүгө ӨКМ, жергиликтүү тургундар тартылууда, азырынча натыйжа боло элек.

Өткөн апта соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, тоого жана тоо этектерине кар жаады. (RK)

XS
SM
MD
LG