Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:52

Бишкекте өрт кырсыгы бир өмүрдү жалмады


Бишкекте өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Биринчи Май районундагы Нарская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайда өрт чыгып, 50 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган барак тибиндеги үйдүн чатыры, терезе-эшиги күйгөн.

Бөлмөнүн ичинен 46 жаштагы эркек адамдын күйгөн сөөгү табылды.

Адистер өрттүн себебин тактап жатышат. Соңку бир сутка ичинде Кыргызстандын аймагында сегиз өрт кырсыгы катталды. (RK)

XS
SM
MD
LG