Түптө көлгө чөгүп кеткен жаранды издөө иштери бүгүн да уланып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 2-октябрда мекеменин №15 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн адистерине Күрмөнтү айылынын Пристань тилкесине 40 жаштагы Өмүрбек Ибраев көлгө чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМ маалыматына караганда, тогуз айда Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болду. Алардын 78и эркек киши, 18и аял, 38и балдар.
Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку үч жылда сууга чөгүп каза болгондордун саны кескин өстү. Былтыр бир жылда 112 адам болсо, мурдагы жылы 120. Акыркы алты жылда мындай кырсыктан жалпы 500дөн ашык киши мерт болгон.
Быйылкы 134 кырсык акыркы алты жылдагы рекорддук көрүнүш болуп калды. (RK)