Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:47

УКМК: Террордук уюмдун мүчөсү кармалды


Кыргызстандын атайын кызматы эл аралык террордук уюмдун мүчөсү деп шектелген жаранды кармады. Мекеменин маалыматына караганда, ал 20 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды.

УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ал милиция менен биргеликте өткөрүлгөн контртеррористтик иш-чара учурунда кармалды:

- Такталган маалыматка караганда, бул жаран 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун эмиссарлары менен үгүттөлүп, Сирияда диверсиялык-террордук даярдыктан өтүп келген. Кыргызстанга кийин бул жерде террордук жашыруун уюм түзүү жана башка иш-аракеттерди кылуу максатында жөнөтүлгөн.

Кылмышка шектүү жаран УКМКнын тергөө абагына камалды. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 500дөй кыргызстандык Сириядагы согушка кеткен, алардын айрымдары кайткан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG