Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

Адвокат: Канатбек Исаев күнөөсүз экенин айтууда


Адвокат Азизбек Турдалиев
Адвокат Азизбек Турдалиев

ЖК депутаты Канатбек Исаев айыбы жок экенин айтууда. Бул тууралуу анын адвокаты Азизбек Турдалиев бүгүн Бишкекте маалымат жыйын куруп билдирди.

Ал Исаев айыпталып жаткан кылмыш ишти Баш прокурор Индира Жолдубаева 30-сентябрда козгоп, Исаев алгач күбө катары чакырылып, бирок андан ары камакка алынганын билдирди.

Ошону менен катар адвокат Исаевди тыңшоо, анын сүйлөшүүлөрүн жаздыруу санкциясыз, мыйзамсыз жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган.

Ал "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганы маалымдалган.(AB/ZKo)

XS
SM
MD
LG