Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:48

АКШ президенти Лас-Вегаска жана Пуэрто-Рикого барат


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп 3-октябрда Пуэрто-Рико аралына жана Лас-Вегас шаарына барары күтүлүүдө.

Эки апта мурда "Мария" деп аталган бороон Пуэрто-Рико аралын каптап, аралда ушул күнгө чейин электр жарыгы жок, азык-түлүк, таза суу тартыш. Сан-Хуан шаарынын мэри Кармен Юлин Крус буга чейин федералдык өкмөт убагында жардамга келбегени үчүн Трампты сынга алып, АКШ президенти экөө кайым айтыша кеткен.

Ал эми Лас-Вегас шаарында жекшембиде болгон атышуудан каза тапкандардын саны кеминде 58 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 515 адам жараат алганын билдирди.

1-октябрдын кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча бул окуяны кайсы бир террордук топко байланыштыра элек.

XS
SM
MD
LG