Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Рок-музыкант Том Петти 66 жашында көз жумду


Рок-ырчысы Том Петти.
Рок-ырчысы Том Петти.

Легендарлуу рок-музыкант Том Петти 66 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумду. Бул маалыматты анын үй-бүлөсү 3-октябрдын таңында билдирди.

"Атабыз, агабыз, үй-бүлөбүздүн башчысы жана досубуз Том Петтинин мезгилсиз жарык дүйнө менен коштошконун кабарлайбыз" деп жазылган жакындары тараткан билдирүүдө.

Бир күн мурда эс-учун жоготуп койгон ырчыны Малибудагы үйүнөн ооруканага жеткиришкен. Бирок аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Том Петти 1970-жылдары Heartbreakers тобунун курамында American Girl, Stop Draggin, My Heart жана башка хиттери менен атактуулукка жеткен.

1989-жылы ал өз алдынча альбом чыгарып, Free Fallin деген аталыштагы чыгармасы музыкалык хит-параддарда алдыңкы орундарга көтөрүлгөн.

Өткөн аптада ал Heartbreakers тобунун 40-жылдыгына арналган концерттик турун жыйынтыктаган.

XS
SM
MD
LG