Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Орусия Сербияга аскер учактарын берди


МиГ-29
МиГ-29

2-октябрда Сербияга Орусиянын эки МиГ-29 истребители жеткирилди. Дагы төртөө 20-октябрга чейин келиши күтүлөт.

Март айында өлкөнүн ал кездеги премьер-министри, азыр президенти Александр Вучич Орусия алты учакты белекке берерин билдирген болчу.

Ал эми Орусия мындан тышкары Белградга Т-72 танкынан 30 даана, чопкуттуу БРДМ-2 унаасынан да 30ду берерин маалымдаган.

Сербиянын Москва менен аскер байланыштарын чыңдоосу Батышты, ошондой эле коңшулары Босния жана Герцеговина менен НАТО мүчөсү Хорватияны чочулатууда.

Мурдараак серб тышкы иштер министри Ивица Дачич НАТО Хорватияны курал менен жабдып жатканынан улам Сербия аскерий күчтөрүн чыңдашы керектигин айткан. Сербия өзү Евробиримдикке кирүүнү көздөйт, бирок НАТОго жана Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG