Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Дамасктагы жардыруу кеминде 16 кишинин өмүрүн алды


Жарылуу Дамаскка жакын Аль-Мидан аймагында болгон
Жарылуу Дамаскка жакын Аль-Мидан аймагында болгон

Сириянын баш калаасы Дамаскта дүйшөмбүнүн кечиндеги жанкечтилердин чабуулдарынан кеминде 16 киши мерт болду.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан "Сириядагы адам укуктары боюнча обсерваториянын" маалыматына караганда, Ал-Мидан аймагындагы полиция бекетине эки жанкечти автоунаа менен кирип барып, жардыруу уюштурган.

Маалыматты Сириянын Ички иштер министрлиги да ырастап, курман болгондор жай тургундар жана полиция кызматкерлери экенин билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары өлгөндөрдүн саны 17ге жеткенин, алардын сегизи полициячылар экенин кабарлашты.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук топ мойнуна ала элек. Сирияда алты жылдан бери жарандык согуш болууда.

XS
SM
MD
LG