Фейсбук социалдык түйүнүнүн Кошмо Штаттардагы он миллиондой колдонуучусу Орусия тарабынан жарыяланган саясий жарнамаларды көрүшкөн. Бул тууралуу компаниянын расмий сайтында жарыяланды.
Колдонуучулардын 44% жарнамаларды 2016-жылкы президенттик шайлоого чейин, 56% добуш берүү өткөндөн кийин көрүшкөн.
Жарнамалардын көбү курч саясий жана социалдык темаларга, анын ичинде ЛГБТ, иммиграция жана башкаларга багытталган.
Бир ай мурда Фейсбук жетекчилиги ошол шайлоо кампаниясы маалында орусиялык колдонуучулар үч миңден ашуун саясий жарнама жарыяланганын ашкерелеген.
Ушу тапта АКШда Москванын америкалык президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү боюнча бир канча иликтөө жүрдү. Алардын алкагында Гугл, Фейсбук жана Твиттер сыяктуу ири интернет компаниялардын жетекчилери Конгресстеги угууларга чакырылган.
Москва чет мамлекеттердин шайлоосуна кийлигишкенин башынан эле четке кагып келет.