Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:07

Жээнбековдун штабында биометрикалык каттоого жол берген жетекчи жазаланды


Сооронбай Жээнбековдун Шейит-Төбө участогундагы штабынан тартылган сүрөттөр
Сооронбай Жээнбековдун Шейит-Төбө участогундагы штабынан тартылган сүрөттөр

Ошто президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында биометрикалык каттоо жүргүзүү токтотулду, ал эми ага жол берген Ош шаарынын паспорт-виза жана каттоо иштери мекемесинин башчысы Ринат Алиев дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратура кабарлады.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Ош шаарынын жакасындагы Шейит-Дөбө участогунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан штабда биометрикалык маалымат чогултулуп жатканына өзү күбө болгонун 26-сентябрда билдирген. Ал интервью үчүн штабга барып ондогон адамдар кезекте турганын байкаган. Имараттын ичине кирген учурда Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү биометрикалык жабдуу турганын көргөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ринат Алиев биометрикалык маалымат чогултуучу жабдуу аймактык кеңештердин имаратында иштөө үчүн гана берилгенин, эмне үчүн Жээнбековдун штабына берилип кеткенинен кабары жоктугун айткан.

Бул маалымат azattyk.org сайтына жарыялангандан киийн Ош шаардык прокуратурасы аталган дарек боюнча барып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада алардан Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоевдин атына бул боюнча чара көрүүсүн өтүнгөн кат жиберилген.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Ага 12 талапкер ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG