Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Бишкектин борборунда бука сүзгөн эки адам жабыркады, бирөө ооруканада


Сүрөт интернеттен алынды
Сүрөт интернеттен алынды

Аркандалган жеринен бошонуп, Бишкектин борбордун көчөлөрүнө чыгып кеткен буканын ээси милицияда сурак берүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, бодо мал шаардын борборуна кандайча келип калганы азырынча белгисиз:

- Кожоюну бошонуп кеткен буканы кармайын деп жете албай калган экен. Ал шаардын көчөлөрүнө чыгып кеткен. Акыры кармап, азыр мал ээси милицияда сурак берүүдө.

Борбордук көчөлөрдөн чуркап бараткан, патрулдук милициянын кызматкерлери кубалап жетпей жүргөн буканын видеосун ушу тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары таратып жатышат.

Оморовдун айтымында, бир милиционер жабыркаганы тууралуу маалымат түштү.

Ал эми “Тез жардам” кызматынын маалыматына караганда, бир аял ооруканага жаткырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG