Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

Үч фазалуу жабдууларды колдонууга уруксат берилди


Бул тууралуу Улуттук энергохолдингден маалымдашты. Маалыматка ылайык, суук мезгилде турак жайларды жылытуу үчүн электр энергиясын колдонууга өлкөнүн энергетика тармагында толук мүмкүнчүлүк бар. Буга "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы линиянын ишке кириши, Токтогул суу сактагычына чогулган суунун көлөмү жол берет.

Улуттук энергохолдинг турак жайларды электр энергиясы менен жылытууга берилүүчү чекти да 10% көбөйткөнүн кошумчалайт. Аталган холдингден маалымдашкандай, учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19,5 млрд куб метр болду.

2014-жылы кыргыз өкмөтү электр энергиясын үнөмдөө максатында электр энергиясын турак жайларды жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салып, үч фазалуу жабдууларды колдонууга чектөө салынган. Жеке турак үйлөргө үч фазалуу электр жабдуусун орнотууга убактылуу мораторий киргизилген.
Ошол жылы күзүндө Токтогул суу сактагычында 13 млрд. 698 млн. куб метр суу топтолгон эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG