Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Казакстанда авиакырсык беш кишинин өмүрүн алды


Алматы шаарынын жанында санитардык авиациянын АН-28 үлгүсүндөгү учагы кыйрап, анын бортундагы беш адамдын баары каза тапканын Tengrinews агенттиги Казакстандын Ички иштер министрлигинин Өзгөчө кырдаалдар комитетине таянуу менен билдирди.

Окуя 3-октябрдын кечинде Алматы облусунун Иле районунда болгон, учак кулап түшүп, андан кийин өрттөнүп кеткен. Алматы облусунун акимчилигинин маалыматына караганда, ал айдоо аянтына кулаган, электр линиясы жабыркаган.

Учак Алматы-Чымкент-Алматы багытында сыркоого кеңеш берүү максатында баратканын East Wing авиакомпаниясы кабарлады. Бортто командир Геннадий Ше, экинчи учкуч Евгений Кутафин, авиатехник Бейшебек Акматбаев жана эки медициналык кызматкер болгону айтылууда.

Алматыдан кечки саат 18.35те абага көтөрүлгөн учактын дайыны он эки мүнөттөн кийин чыкпай калган.

XS
SM
MD
LG