Кошмо Штаттар Орусиянын Сан-Францискодогу дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн аймагына мыйзамсыз кирген деген маалыматтарды четке какты. АКШнын Мамлекеттик департаменти кабарлагандай, имараттын күзөт кызматы орус дипломаттары менен алардын үй-бүлөлөрү берилген мөөнөттө чыгып кеткен-кетпегенин текшерген. Мекеменин өкүлү Хизер Нойерт имараттын кулпулары талкаланган жок жана бул ишке атайын кызмат тартылган эмес деп билдирди.
АКШ бийлиги 1-октябрга чейин имаратты бошотууга убакыт берген.
Күн мурун Орусиянын Тышкы иштер министрлиги америкалык бийликти сынга алып, окуяны Сан-Францискодогу консулдукка “бузуп кирүү” деп атаган.
Июлдун аягында Кремл өз дарегине киргизиле турган санкцияларга жооп иретинде АКШдан Орусиядагы дипломаттарынын санын азайтууну талап кылган. Өз кезегинде Америка Сан-Францискодогу орус консулдугунун жана Вашингтон менен Нью-Йорктогу өкүлчүлүктөрдүн ишин токтоторун жарыялаган.
АКШнын Орусиядагы мурдагы элчиси Жон Теффт "Азаттык" радиосунун орус кызматына берген маегинде орусиялык дипломатиялык миссияларга кысым көрсөтүлүп жатат деген маалыматтарды төгүндөдү.