Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Ош жана Бишкек шаарларында Өзбекстандын маданият күндөрү өтөт


Оштогу "Бабур" атындагы өзбек драмалык театры.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, коңшу өлкөнүн маданият күндөрү 6-октябрда Бишкекте башталат.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин расмий өкүлдөрү келип, сапардын жүрүшүндө “Айкыз жомогу” (Ойкиз эртаги) өзбек тасмасы “Октябрь” кинотеатрында көрсөтүлөт. Кечинде Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өзбекстандык таланттар концерт беришет.

7-октябрда Маданият күндөрү Ошто уланып, аталган тасма “Семетей” кинотеатрында коюлат. Мындан тышкары Султан Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында концерт белгиленген. Иш-чара алкагында “Азыркы Өзбекстан” деп аталган сүрөт көргөзмө уюштуруу да максат кылынууда.

Соңку жылдары мамилеси салкындап кеткен Өзбекстан менен Кыргызстандын ымаласы 2016-жылдын күзүнөн тарта жакшы нукка өзгөрдү. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG