Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:16

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты


Бишкек-Торугарт жолундагы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы.
Бишкек-Торугарт жолундагы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы.

Жол кырсыгы кечээ Чүй облусунун Аламүдү­н районунда, Бишкек-Торугарт жолунун 5­-чакырымындагы айланма жолдо күндүз болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, ч­ыгыштан-батышты көздө­й келе жаткан “­Портер­” каршы тараптан бараткан “­Субару-универсал­” үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан.

Кандуу окуядан эки кишинин өмүрү кыйылып, дагы экөө ар кандай жараат алышты.

Патрулдук милиция башкармалыгынын билдиришинче, кырсыкка "Субару" машинесинин 23 жаштагы мас абалындагы айдоочусу каршы тилкеге чыга калганы себеп болгон. Андан Hyundai Porter машинесинин айдоочусу жана беш жашар кызы мерт кетип, аялы ооруканага түшкөн. Айдоочу камакка алынып, экспертиза дайындалды. Кырсык боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 281-беренесине ылайык (жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу) кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG