Жол Тогуз-Торо районунда кар көп жааганына жана унааларга кооптуу абал жаралганына байланыштуу жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жол жыл сайын күз айларында Сары-Кыр ашуусуна кар жаап, унаалардын жүрүүсүнө кооптуу абал түзүлгөн учурдан тартып түрдүү кырсыктарга жол бербөө максатында жабылат.
Жалал-Абад-Казарман жолу автоунаалар үчүн жазга чейин жабык болот.
Сентябрь айынын аягынан бери тоолуу аймактарда кар жааганына байланыштуу тоолордогу айрым жолдордо жүрүүгө чектөө киргизилген. (ZKo)