Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

ЕККУ: Жогорку Сот БШКнын бардык чечимдерин күчүндө калтырууда


Борбордук шайлоо комиссиясы карап чыккан арыз-даттануулардын көбү талапкерлерди каттоо, талапкерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын үгүт эрежелерин бузуусу, административдик ресурсту кыянаттык менен колдонуу сыяктуу маселелерге байланыштуу болууда.

Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы президенттик шайлоого жүргүзгөн байкоолору боюнча кезектеги баяндамасында айтылат.

Өткөн аптанын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан 40тан ашуун арызды карап чыккан.

"Жогорку Сот БШКнын бардык чечимдерин күчүндө калтырууда, бирок ошол соттук чечимдер расмий сайтка тандалып, кечигип жайгаштырылууда - бул ачыктыкты аксатып жатат" деп айтылат ЕККУнун баяндамасында.

Ошол эле мезгилде аймактык шайлоо комиссияларына арыз-даттануулар анча көп түшпөгөнү айтылууда.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Талапкер болуп катталам дегендердин саны алгач 59 адам болчу, алардын тогузу арызын кайра чакыртып алган, 37си шайлоо мыйзамдарына жооп бербегендиктен катталган эмес.

Натыйжада 13 адам расмий каттоодон өтүп, кийин бирөө өз талапкерлигинен баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG