Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:18

ЕККУ: Жарандар альтернативдүү маалыматты интернеттен алууда


Кыргызстанда жарандар шайлоо алдында альтернативдүү кабарларды көбүнчө онлайн маалымат каражаттарынан ала баштады. Бул тууралуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы президенттик шайлоо боюнча байкоолорунун кезектеги отчетунда айтылат.

“Жарнама рыногунун чакандыгынан улам, бир да ЖМК экономикалык жактан туруктуу эмес. Менчик ЖМКлардын ээлери ким экени ачык-айкын эмес. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунунун байкоочулар миссиясынын маектештери менчик телеканалдар саясатчыларга тиешеси бар деп эсептешет, ал эми коомдук теле каналдар бийликтен көз каранды деп эсептешет. Телеканалдардын жаңылыктар бөлүгүндө берилген маалымат ачык же жашыруун түрдө төлөнгөндүктөн, жалпыга берилүүчү калыс маалымат азаюуда. Ошол эле кезде, жалпысынан алганда, интернеттеги сөз эркиндиги чектелген эмес, онлайн түрдөгү жаңылыктар альтернативдүү маалыматты камсыз кылууда” деп айтылат баяндамада.

Кыргызстандагы байылкы президенттик шайлоого ЕККУдан 300 байкоочусу көз салары мурда кабарланган болчу.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Талапкерлердин саны 12 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG