Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

ТИМ: Лас-Вегаста кыргызстандыктар жабыркаганы тууралуу маалымат жок


Лас-Вегастагы кандуу окуядан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар барбы же жокпу, азырынча так белгисиз. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министринин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Азырынча бул кыргында кыргызстандык жарандар жабыркаганы жөнүндө кандайдыр бир маалымат жок. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги кырдаалга көз салып, бул маселе боюнча америкалык тиешелүү органдар менен байланышта болуп турат.

АКШнын Лас-Вегас шаарында жекшембинин түнүндө болгон атышуудан каза тапкандардын саны 59 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 515 адам жараат алганын, алардын аты-жөнү такталып жатканын билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бул окуяга байланыштуу 3-октябрда АКШ президенти Доналд Трампка көңүл айтуу телеграммасын жолдогон.

1-октябрда Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча бул окуяны кайсы бир террордук топко байланыштыра элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG