Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Исаевди коргоо комитети түзүлдү


Исаевди коргоо комитети
Исаевди коргоо комитети

УКМК камакка алган Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевди коргоо комитети түзүлдү. Аны УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жетектейт.

Комитет мүчөлөрү бүгүн мааламат жыйын өткөрүп, депутатка карата козголгон кылмыш иш чагым жана атайылап каралоо болгонун айтышты.

Дүйшөбаев билдиргендей, алар бир нече талапты укук тартибин коргоо органдарына коюп жатат:

- Исаевди коргоо комитети объективдүү, ачык тергөөнү талап кылат. Ошондой эле аны үй камагына чыгаруу керек. Биз, комитет мүчөлөрү, Исаевдин качып кетпешине кепилдик беребиз.

Исаевди коргоо комитетине Зайнидин Курманов, Чолпонбек Абыкеев, Мамбетжунус Абылов, Нурлан Кудайбергенов, Нарынбек Молдоисаев кирди.

Дүйшөбаев ушундай комитет Нарында да түзүү каралып жатканын кошумчалады.

Атайын кызмат бүгүн билдирүү таратып, тергөө материалдары Исаевдин мамлекеттик бийликти күч менен басып алуу, жапырт башаламандык уюштуруу аракетин көргөнүн далилдеп жатканын билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG