Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

АКШ Кубанын он беш дипломатын чыгарууну буюруду


АКШнын Кубадагы элчилиги.
АКШнын Кубадагы элчилиги.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун билдиргенине караганда, мындай чечим Куба өз тарабынан америкалык дипломаттарды “коргоо боюнча талаптагыдай чараларды көрө албай койгону” үчүн кабыл алынды.

АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысы кошумчалагандай, алардын Гаванадагы элчилигиндеги дипломаттардын 60% чакыртып алуу боюнча чечими Кубанын өкмөтү дипломаттардын коопсуздугун камсыздаганга чейин күчүндө калат.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Вашингтондун кадамын “адилетсиз” деп атап, эки тараптуу мамиленин азыркы абалы жана “келечекте ыктымал бузулушу үчүн” жоопкерчиликти АКШ администрациясына жүктөдү.

АКШнын Кубадагы элчилигинде иштеген 22 адам баш оору, угуу жөндөмүн жоготуу, чарчоо, кулактардын дуулдашы өңдүү түшүнүксүз абалга туш болгон.

Куба мындай инциденттерге тиешеси бардыгын четке каккан.

Элүү жылдан ашуун убакыттан кийин эки өлкө дипломатиялык мамилесин 2015-жылы калыбына келтирген.

Андан бери Кубада америкалык туристтердин саны сезилерлик көбөйгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG