Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Текебаевдин мандаты боюнча БШК чечими бир ай ичинде чыгат


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин Борбордук шайлоо комиссиясы сот өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай аралыгында кабыл алышы керек. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Боршайком мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди:

- Соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенден кийин бир ай ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алат. Өкүмдү беш күн ичинде биз сот органдарынан расмий алабыз.

2-октябрда Бишкек шаардык соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ министри Дүйшөнкул Чотоновго карата райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту алардын ар бирин сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Алар орусиялык жарандан пара алган деп айыпталды. Бирок өзүлөрү жана тарапкерлери бул айыптоо эч далилге негизделбеген саясий куугунтук экенин айтып келатышат.

Кечээ Текебаевдин Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясындагы лидерлиги Алмамбет Шыкмаматовго расмий өткөрүлүп берилди. (KE)

XS
SM
MD
LG