Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

5-октябрдын аба ырайы


5-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга өтөт, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Күндүз жаан-чачын айрым жерлерде болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө жана Таласта түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 2...7, күндүз 8...13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1...6, күндүз 6...11;

Нарында түнкүсүн -2...-4, күндүз 6...11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5;

​Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен жаан жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 2 …4°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10°.

XS
SM
MD
LG