Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Шаардык сот Zanoza.kg сайтына каршы чечимдердин баарын күчүндө калтырды


Бишкек шаардык соту бүгүн Башкы прокуратуранын президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча Zanoza.kg сайтына каршы доо арыздарына байланыштуу райондук соттун кезектеги, бешинчи чечимин күчүндө калтырды.

Жыл башында аталган сайтка “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Кипр өлкөсүнө сапары тууралуу комментарийи чыгып, редакциядан үч миллион сом талап кылган доону Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган.

Август айында шаардык сотто дагы төрт арыз каралып, баарында тең прокуратуранын талабы колдоо тапкан.

Биринчиси, Текебаевдин юристтеринин Дача СУ айылындагы учак кырсыгы боюнча пресс-конференциясында айтылгандарды жарыялаганы үчүн Zanoza.kg сайтынын ээси "ПроМедиа" (негиздөөчүлөрү Нарын Айып жана Дина Маслова) фондунан үч миллион, ал эми юристтерден он миллион сом өндүрүү чечими чыккан.

Экинчиси, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын президент Алмазбек Атамбаев тууралуу айткандарына байланыштуу андан үч миллион, Zanoza.kg сайтынан үч миллион, анын негиздөөчүлөрүнүн ар биринен да үч миллион сомдон өндүрүү тууралуу чечим чыккан.

Дагы эки доо боюнча журналист Нарын Айыптан алты миллион, сайттан алты миллион сом өндүрүп алуу керек деген чечим чыккан болчу.

Ошентип, жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыздар шаардык сотто канааттандырылды. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын айып 9, Дина Маслова 3 миллион төлөөгө милдеттүү.

Соттолгон тарап эми Жогорку Сотко арызданганы жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG