Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

БШК Темир Жумакадыровдун үстүнөн түшкөн арызды четке какты


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбековдун вице-премьер-министр Темир Жумакадыров боюнча жазган арызы каралды.

Талапкердин өкүлү Темир Жумакадыровдун "Өмүрбек Бабанов өкмөттү жетектеп турган кезде "Коопсуз шаар" долбоорун аягына чыгарбады" деп жалпыга маалымдоо каражаттарына айтканын шайлоо алдындагы тескери үгүт деп эсептеп, БШКга кайрылган. Вице-премьер-министрдин түзөтүү беришин жана мындай көрүнүштөргө жол бербөө тууралуу кайрылууну өкмөткө жиберүүнү талап кылган.

Боршайком төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова Жумакадыровдун айткандары этикага туура келбейт деген пикирлерге макул болду. Бирок БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн добушу менен арыз канааттандырылган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG