Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:27

Навальный орусиялыктарды Путиндин мааракесинде демонстрацияга чыгууга чакырды


Алексей Навальный Москванын райондук сотунда. 2-октябрь, 2017-жыл.
Алексей Навальный Москванын райондук сотунда. 2-октябрь, 2017-жыл.

Учурда 20 күндүк абак жазасын өтөп жаткан оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист мындай чакырыкты бүгүн өзүнүн интернет баракчасында жарыяланган катта жасады.

“7-октябрь биз чогуу сүйлөөгө аракеттене турган күн. Путин аларды угуп отставкага кетиши керек. Ал 18 жыл бийликте болду. Бул жетиштүү”,- дейт Навальный орусиялыктарга жолдогон катында.

7-октябрь - президент Владимир Путиндин туулган күнү жана 65 жылдык мааракеси.

Эки күн мурда Москанын соту Алексей Навальныйды жана анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волковду митинг -демонстрацияларды өткөрүү эрежесин бузду деген айып менен 20 күнгө абакка кескен болчу.

Оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын азыркы камалышы ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу аракетинде Орусия аймактарында эл менен жолугушууларды өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Ал 7-октябрда президент Путиндин кичи мекени - Санкт-Петербургда жыйын курууну мерчемдеп жаткан.

Президент Путин бүгүн Москвадагы конференцияда сүйлөгөн учурунда 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу же катышпоо маселесин азырынча чече элекмин деп ырастады. (UE)

XS
SM
MD
LG