Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Теледебатта Бабанов менен Жээнбеков кайым айтышты


КТРКда өтүп жаткан теледебаттын жүрүшүндө президенттик кызматка талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков кайым айтышты. Бабанов чехиялык Liglass Trading компаниясы менен түзүлгөн келишим үчүн жана "Коопсуз шаар" добоору ишке ашпай жатат деп Сооронбай Жээнбековду күнөөлөдү. Өз кезегинде Жээнбеков атаандашынын бул айткандарын өзүн сөзгө жыгуу аракети катары баалап, чех компаниясы менен башка кишилер иштегенин айтып, "Коопсуз шаар" боюнча айыпты Бабановдун өзүнө оодарды. Өмүрбек Бабанов айыпты четке какты.

Теледебаттын жүрүшүндө Өмүрбек Бабанов "сиз өкмөт башчы болуп турган кезиңизде 7 пайыздан насыя берилсин деп чечим кабыл алганбыз. Сиз менен жеке сүйлөшкөм, макул болгонсуз. Тилекке каршы, документке Алмазбек Шаршенович кол койгону калганда, бюджетте акча жок деген негизде каршы чыктыңыз. Бул мага түшүнүксүз болду. Элге каражат бербей, жумуш орундарын кантип түзсө болот?", - деп суроо салды. Буга Сооронбай Жээнбеков "сиз айткан популисттик убадаларды аткаруу мүмкүн эмес. Бюджетибиз чоюлгуч эмес. Биринчи 10 пайыздан берип алалы" деп жооп кайтарды.

Теледебатка Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев да катышууда. Алар өз программалары тууралуу айтып беришти.

Коомдук телеканалда дебаттардын биринчи бөлүгү кечээ башталып, жадыбал боюнча Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек эле. Төрөбаев катышпай, Мадумаров менен Бекназаров гана катышкан. 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты болот.

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG