Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:07

Эрдоганды өлтүрүүгө аракеттенди деп айыпталгандар өмүр бою кесилди


Президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракеттенди айыпталган аскер кызматчылардын бири сотко жеткирилген учур. 4-октябрь, 2017-жыл.
Президент Режеп Тайып Эрдоганды өлтүрүүгө аракеттенди айыпталган аскер кызматчылардын бири сотко жеткирилген учур. 4-октябрь, 2017-жыл.

2016-жылдын 15-июлундагы аскерий төңкөрүш аракети учурунда "президентти өлтүрүүнү көздөгөн", "Конституцияны бузган жана башка бир катар кылмыштарга барды" деп айыпталган 46 адамдын үстүнөн сот иши Түркиянын түштүк-батышындагы Мулла шаарында быйыл февраль айынан бери жүрүп жаткан эле. Айыпкерлердин 37си аскерий кызматчылар.

Түркиянын мамлекеттик ТРТ телеканалы кабарлагандай, соттун 4- октябрдагы өкүмү менен бул айыпкерлердин 34ү өмүр бою эркинен ажыратылды.

Бийликтин ырастоосунда, соттолгондор былтыркы аскерий төңкөрүш аракети учурунда Мармарис курортунда президент Режеп Тайып Эрдоган турган мейманканага кол салышып, полициянын эки кызматкерин өлтүрүшкөн.

Түркия бийликтери аскерий төңкөрүш аракети артында турганы үчүн АКШда бозгунда жашаган диниятчы Фетхулла Гүленди күнөөлөп келет. Гүлен түрк бийлигинин ырастоолорун төгүндөгөн.

ТРТ телеканалынын маалыматына караганда, Гүлендин жана Түркиянын камагында эмес башка эки айыпкерди сырттан соттоо жараяны өзүнчө улантылат. (UE)

XS
SM
MD
LG