Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:08

Исаевдин адвокаты: Тергөөдө мыйзам бузулуп жатат


Kанатбек Исаев.
Kанатбек Исаев.

Бул тууралуу бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген шек менен камакка алынган парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал кечээ саат 6га чейин УКМК имаратынын алдында туруп, бирок депутат менен жолугушууга кире албай койгонун, тергөөдө мыйзам бузулуп жатканын кошумчалады:

- Түштөн кийин саат 2лерде бардым. "Киргизе албайбыз, Исаев тергөөчүдө" деп коюшту. Тергөөчүдө болгондо сөзсүз жанында адвокаттары болушу керек эле. Бирок алар сыртта жүрөт. Бири Ысык-Көлгө кеткенин, экинчиси башка сотто болгонун айтышты. Эмне боюнча тергөөчүдө жүргөнү мага белгисиз бойдон калды. 6га чейин чыгарган жок, мен күтүп кетип калдым.

Канатбек Исаевдин укугун буга чейин эки адвокат - Азизбек Турдалиев менен Бакыт Осмоналиев коргоп жаткан. 4-октябрдан тартып аларга Чынара Жакупбекова да кошулду.

УКМК бул айтылгандарга жооп бере элек.

Атайын кызмат Исаевди 30-сентябрда кармаган. Депутат "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" деген айып боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганы маалымдалган. Ал 2-октябрда соттун чечими менен тергөө бүткүчө камакта болот. (NT)

XS
SM
MD
LG