КТРКда өтүп жаткан теледебаттын жүрүшүндө президенттик кызматка талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады:
- Урматтуу Алмаз Шаршенович, азыр сиз карап турсаңыз керек. Мына, сол жагыңызда досуңуз турат, оң жагыңызда иниңиз турат. Саясий өзгөрүүлөр, атаандаштыкты мамлекетке сиз алып келдиңиз. Бакиевдин заманында сиз оппозицияда жүргөндө ушул эле КТР сөз бербей, каралаганы эсиме түштү. Ошол абалда азыр мына мени каралап жатат. Азыр Мамлекеттик каттоо кызматында 340 миң адам кошумча тизме менен кирди. Мен сизге кайрылып жана суранып кетем. Шайлоону таза, калыс өткөрүү сиздин колуңузда. Сиз элдин добушу менен президент болуп келип, мамлекетке өзгөрүү алып келдиңиз. Азыр да эл өзүнүн жүрөгүндөгү президентти шайласа, мамлекет өзгөрөт. Укук коргоо органдары бир тараптуу иштебей, калыс карап берсин. Башкы прокуратура, БШК, чиновниктер шайлоону калыс өткөрсө, ал тарыхта калат.
Бүгүнкү дебат кызуу өтүп, негизинен президенттикке талапкерлер Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун кайым айтышуулары орун алды. Теледебатка талапкерлер Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев да катышууда. Алар өз программалары тууралуу айтып беришти.
Коомдук телеканалда дебаттар 3-октябрда башталып, жадыбал боюнча талапкерлер Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек эле. Төрөбаев катышпай, алгачкы жолкусуна Мадумаров менен Бекназаров гана катышкан. 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты болот.
Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тарткан. (NT)