Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталат


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө бекети.

Президенттин 5-6-октябрга белгиленген сапарынын жүрүшүндө кыргыз-өзбек чек арасы боюнча документтерге кол коюларын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнөн билдиришти. Чек арадан тышкары, эки мамлекеттин экономика, соода тармагындагы кызматташтыгы да талкууланат.

Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо мыйзамына 2-октябрда кол койгон. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калганы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

Сентябрдын башында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюлган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG