Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:15

БШК Иса Өмүркулов боюнча арызды канааттандырган жок


Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңеш депутаты, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов боюнча арызды канааттандырган жок. Маселе БШКнын 4-октябрдагы жыйынында каралды.

Буга чейин “Кыргызстан шайлоочулар бирлиги” деп аталган коомдук бирикменин жетекчиси Бакыт Керимбеков "Иса Өмүркулов Социал-демократтар партиясы президенттик кызматка талапкер катары көрсөткөн Сооронбай Жээнбековдун кызыкчылыгына үгүт жүргүзүү менен мыйзам бузду" деген негизде Боршайкомго даттанган. Өмүркуловду административдик жоопкерчиликке тартып, талапкерге да чара көрүүнү суранган.

БШКнын эки жумушчу тобу арызды карап, депутаттын сүйлөгөнү мыйзам бузууга жатпайт деген чечимге келген. Кечээги отурумда Боршайком мүчөсү Алмаз Асаналиев Өмүркулов сөз сүйлөгөн учурда эки күндүк өргүүдө болгон деп билдирди.

Жыйынтыгында бардык мүчөлөр арызды канааттандыруусуз калтыруу тууралуу жумушчу топтордун чечимин колдоду. (NT)

XS
SM
MD
LG