Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Орусия: Навальныйды колдоо акцияларына тыюу салынды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Калуга, Кемерово, Воронеж жана Томск шаарларынын бийликтери 7-октябрда Алексей Навальныйды колдоо акцияларын өткөрүүгө тыюу салды.

Москва мэриясы митинг өткөрүү боюнча беш арызды четке какты. ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, шаар бийлиги «объективдүү себептерден» улам иш-чарага уруксат берилбей турганын билдирген.

Навальныйдын тарапташтарынын акциясына Екатеринбург бийлиги гана макул болгон.

Ушул тапта Алексей Навальный менен анын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков камакта. 2-октябрда сот аларды «уруксат берилбеген иш-чараларга катышууга чакырык жасаган» деген жүйө менен 20 суткага камакка алган.

XS
SM
MD
LG