Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Турсунбеков: Канатбек Исаевдин ишин сот чечет


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин массалык башаламандык уюштурууга тиешеси бардыгы же ак экендиги тергөөдө аныкталып, сотто чечилет. Мындай пикирин парламент спикери Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абаддагы иш сапары учурунда билдирди. Төрага ар бир депутат үчүн жооп бере албай тургандыгын кошумчалады.

Ошондой эле спикер таза шайлоо өткөрүү максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн депутаттарды аймактарга жөнөткөнүн, парламент таза шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтө турганын билдирди.
Жогорку Кеңештин төрагасы 4-5-октябрь күндөрү Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт.

Жогорку Кеңеш 28-сентябрда "кворум жок" деген жүйөө менен эки жумага жалпы жыйындарын токтоткон.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө өкмөт өкүлдөрү да, депутаттар да учурда жер-жерлерди кыдырып, үгүт иштерине катышып жүргөнү байма-бай кабарланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG