Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин сапары учурунда эки өлкө президенттеринин тар жана кеңири курамдагы кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрү жүргүзүлөт.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мындан тышкары, Өзбекстан менен Кыргызстандын өнөр жай өнүмдөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат.
Сапар жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык грамоталар менен алмашуу боюнча протоколго кол коюлары күтүлүүдө. Ошондой эле мамлекет башчылар эки өлкө ортосундагы достукту, жакшы коңшулукту жана ишенимди чыңдоо жөнүндө Декларацияга кол коюшат.
Мамлекеттик сапардын жыйынтыгында коопсуздук, коргоо, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү тармагында өз ара аракеттенүүгө, товарларды жана жүктөрдү ташууда бажы операцияларын ишке ашыруу, статмаалыматтар менен алмашуу тартибине тиешелүү эки тараптуу документтер пакетине, чек аралары чектеш райондор жана маалыматтык агенттиктер ортосундага макулдашууларга кол коюлары болжолдонууда.
Президент Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапары 5-6-октябрь күндөрү болот.
Өткөн айдын ушул күндөрү Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Мындан кийин кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып, бир катар чек ара бекеттери ачылган.(ZKo)