Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Чаткалда жайлоодо калган таластык чабандар куткарылды


Чаткал жайлоолору
Чаткал жайлоолору

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ӨКМдин өкүлү Абдишарип Бекилов билдирди.

Аларды издөө ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жер-жерлердеги бөлүмдөрүнөн 29 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 11 адам жардам берди.

Дайынсыз болуп жаткандар саат 18:30 чамасында Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына түшүп келип, айылга жакын “Эски штаб” деп аталган жерге чатыр тигип, жайгашкандыгы боюнча Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын чабандары маалымат берген.

Куткаруучулар барган кезде чабандар мал-жаны менен аман-эсен экени маалым болгон. Аларды алып келгени ӨКМ менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар эки оор жүк ташуучу унаа менен жөнөп кетишти.

Бакай-Ата районунун Акназар айыл аймагынын сегиз чабаны (жети эркек, бир аял) 30-сентябрь күнү Күмүштак ашуусунда кар калың жааганына байланыштуу үч короо кою жана үч үйүр жылкы менен ашуудан өтө албай калган.

Таластын Манас, Кара-Буура жана Бакай-Ата районунун тургундары Чаткал тоолорун жайлап келет. (AlS)

XS
SM
MD
LG